Алты жылда 3 353 адам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча иликтөө тууралуу убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгынын маалыматы угулду.

Бул багытта депутаттык комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу маалымат берди. Депутат өз баяндамасында комиссия 2023-жылдын июнь айында түзүлгөнүн, бул мезгил аралыгында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын бир катар түзөтүү мекемелерине барганын маалымдады.

Маалыматка караганда, 2018-жылдан тартып 2023-жылдын 15-июнуна чейин Кыргызстанда абактарда жазасын өтөп жаткан 3 353 адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. Алардын ичинен - 2018-жылы 679, 2019-жылы 778, 2020-жылы 636, 2021-жылы 662, 2022-жылы 418, 2023-жылы 180 киши ушундай шартта эркиндикке чыккан.

Жусупбек Коргонбай уулунун айтымында, жабык мекемелерде мыйзам бузуулар, чечилбеген маселелер көп, анын ичинде сот органдарынын ишине шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча нааразычылыктар бар.

“2023-жылдын 18-октябрындагы маалымат боюнча, 14 адам Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагында бир жылдан ашуун убактан бери жатат. Мыйзам боюнча тергөө бир жылдан ашык жүрбөшү керек. Бирок 14 киши тергөө абагында отурат”, - деди ал.

Депутат Медер Алиев адамдарга мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун, аларды абакка кескен судьялардын да жоопкерчилигин кароо сунушун берди.

Эл өкүлү Эмил Токтошев тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө максатында айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттык комиссиянын иши жөнүндө видеоматериалдар көрсөтүлдү. Убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар сунуштар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан