Садыр Жапаров: "Бизде бар демократия ошол бизди сындап жаткан өлкөлөрдө жок"

Кыргызстанда адам укугу толугу менен сакталууда. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Президент маегинде айрым учурларда Кыргызстанда адилетсиз мамиле жасалып калып жатканын айтты.

"Адам укугу да толук сакталууда. Албетте, 100 пайыз жипке тизгендейбиз деп айткандан алысмын. Айрым учурларда кемчиликтер боло калып жатат. Бул эми адам факторлорунан улам болуп жатат. Сот, укук коргоо органдары тарабынан кемчиликтер кетип жаткан учурлар жок эмес. Айрым кезде жарандарга адилетсиз мамиле жасалып калган учурлар болуп атат. Аны моюнубузга алабыз. Бирок дароо ордуна келтирип, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүгө аракет кылуудабыз. Адам баласы жашаган жерде баары болот. Анча-мынча укугу бузулган адамдар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин барында бар.

Ал эми демократия боюнча айтсам. Бизде бар демократия ошол бизди сындап аткан өлкөлөрдө жок. Демократия аларга караганда бизде алда канча жогорку деңгээлде. Бирок демократия деген түшүнүктү да кээ бир жарандарыбыз туура эмес багытка колдонуп жатышпайбы.

Демократия десе эле, жалган маалыматтарды каалашынча таратуу менен элди башаламандыкка чакырык жасашат. Же бирөөнө жалган жалаа жаап коюп, эч нерсе болбогондой жүрө берсек болот деп түшүнүп алып атышат. Айрым маалымат сайттары да иликтеп, тактабай туруп эле жалганды чындай кылып чыгарышууда. Кыскасы бизде ушундай жагдайлар көп. Ошол үчүн биз демократияны туура пайдаланганга үйрөнүшүбүз керек", - деди Садыр Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан