"Таза суу маселеси чечилди". Акылбек Жапаров Ош мэриясынын ишмердүүлүгүнө баа берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынында мэриянын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди.

Министрлер кабинетинин башчысы 2023-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жыл болгондугун баса белгилегенин өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

"Эң негизгиси калкты таза суу менен камсыздоо маселеси чечилди. 2023-жылы жалпысынан республикалык бюджеттин эсебинен Ош шаарына бюджеттер аралык трансферттердин эсебинен 563,8 миллион сом бөлүнгөн", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырдаалдан сабак алып, Ош шаарында жылуулук жана ысык суу менен камсыздоо системасын борбордон ажыратуу механизмдерин иштеп чыгуу, ошондой эле социалдык объектилерди жылытуу системасынын альтернативдик варианттарын сунуштоо зарылдыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жыйындын күн тартибинде Ош шаарында 2023-жылы жасалган жалпы жумуштардын жыйынтыктары чыгарылып, 2024-жылга алдыга коюлган максаттар, жасалчу жумуштар, ири долбоорлорду ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан