Токой кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Садыр Жапаров кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров “Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 28-декабрында кабыл алынган.

Ага ылайык, мыйзамда каралган өзгөртүүлөр токойлорду кыйла натыйжалуу мамлекеттик башкарууга, туруктуу башкаруунун, токойлорду контролдоонун жана коргоонун заманбап жана прогрессивдүү механизмдерин киргизүүгө жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Атап айтканда, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү максатында токой чарбаларынын функцияларын токой башкаруучу (контролдоочу-жөнгө салуучу) жана токой чарбалык функцияларга бөлүү сунушталат;

- “токой маданий фонду” түшүнүгү жана мамлекеттик токой фондунун токойлуу эмес жерлеринде токой отургузууга мүмкүндүк берүүчү ченемдер киргизилет;

- токойду коргоону камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү үчүн токой мыйзамдарын бузгандыгы үчүн адамдарды жоопкерчиликке тартуунун натыйжасында түшкөн каражаттарды токойлорду эсепке алуу, коргоо, токой өстүрүү, жаңыртып өстүрүү жана токойлордун өнүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларга жана мындай укук бузуулардын фактыларын тапкан жактарга төлөп берүүгө жумшоо сунушталат;

- токой фондунун менчик ээлерине зыяндардын ордун толтуруу жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу маселелерин аныктоодо мамилени өзгөртүү, “токой чарбалык зыяндар жана жоготуулар” бирдиктүү категориясын киргизүү жана башка өзгөртүүлөр сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан