"Мөмөсү жок дарактай болуп калдык...". Депутат Түлөбаев Акылбек Жапаровду Ак-Түздө бир келин күтүп жүргөнүн айтты (видео)

Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев уран кендерин иштетүүнү сунуштады.

Эл өкүлү өткөн аптада Кемин районунун бир катар айылдарын кыдырганын, Ак-Түз айылында бир карыя сейрек кездешүүчү жер кендерин иштетүүнү суранганын айтты.

"Ак-Түздө 60 жаштагы карыя "Өкмөт деген барбы, бизди качан карайт?" деп ыйлады. "Ак-Түздөгү кенди иштетпейсиңерби" дейт. Эл суранып атат ушул жерди иштетпейсиңерби, качан иштетесиңер? Ак-Түз боюнча өкмөттүн позициясын билгибиз келип жатат. Ушундай жаткан кендерди эл менен жолугуп сүйлөшүп, иштетпейлиби. Эки-үч киши каршы чыкса эле күтүп отура беребизби? Же алар элди бакпайт. Көп нерселерди салып жатабыз, эми аларга кайдан акча табабыз? Кичине алдыга карай жылбайлыбы. 20 жылдан кийин суу жок болсо электр энергияны каяктан алабыз, ошону ойлонушубуз керек да", - деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал бир жаш келин Акылбек Жапаровду күтүп жүргөнүн кошумчалады.

"Ошол жерде бир жаш кызбы, келинби айтор, Акылбек Үсөнбековичти күтүп жүргөнүн айтты. Сөздөрүм бар эле дейт. Өкмөт башчы ошол жакка барып калса ошол келинге жолугуп, арыз-муңун угуп койсунчу, өтүнүч. "Өткөндө жолуга албай калдым. Айта турган көп сөзүм бар эле. Күтүп жүрөм. Мөмөсү жок дарактай болуп калдык. Бизди эч ким карабай калды" дейт", - деди эл өкүлү.

Мындан сырткары ал өкмөттү район борборлорундагы стадиондорго көңүл бурууга чакырды.

Жогорку Кеңеш 08.02.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан