Депутат Абакиров мугалимдерге жакшы айлык төлөөнү сунуштады

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңеште мугалимдердин айлык акысы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Эл өкүлү Элдар Абакиров мугалимдерге татыктуу маяна төлөп, билим деңгээлин көтөрмөйүнчө, алар берген билим күчтүү болбой турганын эскертти. Ошол эле кезде билим берүү тармагы ойдогудай эмес экенин айтты.

"Өткөн жылдын сентябрь айында экономика министрлиги Кыргызстан боюнча орточо айлыкты 32 миң 142 сом деп айтты. Ошол эле кезде Салык комитети сайтына минималдуу эсептик кирешенин бир айлык өлчөмү 11-12 миң сомго чейин экен.

Мен он чакты мектептеги мугалимдердин айлыктарын изилдеп чыктым. Мисалы, жаңы иштей баштаган, даражасы бакалавр болгон тил сабагынан берген жаш мугалимдер 14 миң 600 сом айлык алат экен. Математикадан окуткан мугалим 17 миң 128 сом, кыргыз-орус тили боюнча стажы бар мугалимдер 17 миң сомдун тегерегинде айлык алышат, математика мугалимдери стажы барлар 18-19 миң сом алышат. Бул бир ставка. Ал эми география, биологиядан сабак бергендер 16-17 миң сомдун тегерегинде айлык алышат экен.

Демек, мугалимдин айлыгы минималдуу эсептик кирешеден болгону 5-6 миң сомго көп болуп жатат. Кыргызстан боюнча орточо айлыктан 1,5 эсе аз болууда. Билим берүүнүн сапаты мугалимдин билим деңгээлинен жогору боло албайт. Ошондуктан күчтүү мугалимдерди алып, жакшы айлык төлөп бере албасак, сапат оңолбойт. Мектептерде 1,5 миллион окуучубуз, 80 миңдей мугалимибиз бар", - деди депутат.

Ошондой эле мектептердеги китеп жетишсиздиги маселесине токтолуп, 30-40 пайыз китеп жетишпей турганын айтты. Мындан сырткары, Кыргызстан PISA-2025 рейтингине кандай даярдык көрүп жатканы боюнча Билим берүү министринин маалыматын угууну сунуштады.

Эскерте кетсек, 2009-жылы аталган рейтингде Кыргызстан 65 өлкөнүн арасынан акыркы орунду алган.

Депутат мугалимдерге жакшы айлык төлөөнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан