Бишкектеги Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн, 8-январда президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Президент кыргыз прокуратурасы – мыйзамдуулуктун жана укуктук системанын калыптануусунун күзгүсү экенин белгиледи. Анткени мыйзамдарды так аткаруу, адам укуктары менен эркиндиктерин, мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо укук коргоо тутумунун, анын ичинен прокурорлордун кынтыксыз ишинен түздөн-түз көз каранды.

Садыр Жапаров коррупция менен күрөшүү, мыйзамдуулукка так көзөмөл кылуу – анын негизги талаптары болгонун баса белгиледи. Кызматкерлерге жоопкерчиликти жүктөөдөн мурун, алардын кызматтык милдетин так аткарууга көмөкчү боло турган шарттарды түзүү – бул мамлекеттин иши экенин айткан өлкө башчы учурда 70 пайыз административдик имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнүн билдирди.

Президенттин белгилегендей, 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кочкор, Чоң-Алай райондук, Талас облустук прокуратураларына, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасына жаңы имараттар салынган.

Быйылкы жылдын эсебинен Нарын облусунун, Нарын шаарынын, Нарын районунун прокуратураларынын имараттарын куруу үчүн мамлекеттик казынадан тиешелүү акча каражаты бөлүнүп жатканын кошумчалады.

Аны менен катар Талас, Баткен, Нарын облустарынын, Кочкор, Кемин, Талас, Бакай-Ата, Чоң-Алай райондорунун, Талас шаарынын прокуратура кызматкерлерине 75 турак жай курулган. Учурда Бишкек шаарындагы прокуратура кызматкерлери үчүн 400 батирлүү турак жай курулуп жатат. Ал ипотекалык насыя программасынын алкагында берилет.

Мындан тышкары Ысык-Көлдөгү "Күн чубак" пансионаты Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүлгөн. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө прокуратура кызматкерлеринин иштөөсүнө толук шарттар түзүлгөнүн белгилеп, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон баа жеткис салымы үчүн прокуратура кызматкерлерине жана ардагерлерине терең ыраазычылык билдирди.

Андан соң мамлекет башчысы жаңы үч кабаттуу объекттин кызматтык жайларын, жаңыланган шарттарын көрүп чыгып, ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, кызматкерлер менен баарлашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан