Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Анда өлкө башчысы кесиптешин шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен жылуу куттуктап, боордош Азербайжан элине мындан ары да гүлдөп-өнүгүү каалады.
Өлкө башчылары ошондой эле кыргыз-азербайжан эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.
Эскерте кетсек, кечээ, 7-февралда Азербайжанда кезексиз президенттик шайлоо өткөн. Жыйынтыгында Ильхам Алиев 92,1 пайыз добуш алып, жеңишке жетти.