Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБине барды (фото)

Бүгүн, 8-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюунун жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Анда министрлер кабинетинин башчысына ушул жылдын 8-февралына карата Жылуулук электр борборунда жалпы активдүү кубаттуулук 300 МВтты түзүп, 9 от казан жана 4 турбоагрегат иштеп жатканы туурасында маалымат берилди.

"Бишкек жылуулук тармагы штаттык режимде иштеп жатат. Жылуулук жана ысык суу берүү толугу менен калыбына келтирилди. Оңдоп-тазалоо иштери бүгүн кечке жуук бүткөрүлөт, чатырды оңдоо иштери уланууда", — деди министрлер кабинетинин төрагасын коштоп жүргөн энергетика министри Таалайбек Ибраев.

Андан кийин Акылбек Жапаров "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына барды, анда Кара-Кече кенинен борбор калаанын ЖЭБине көмүрдү ташуу жана жүктөө процесси менен таанышты.

Маалым болгондой, көмүрдү жүктөө участкасында бардык жүрүп жаткан процесстерди күнү-түнү көзөмөлдөп турган онлайн камералар орнотулуп, бул ЖЭБте да, республикадагы бүтүндөй жайгашкан отун базаларында да катуу отундун кетишин жана өз убагында келүүсүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы мамлекеттик ишкананын жетекчилиги менен кеңешме өткөрүп, анда "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын жакынкы 5 жылга өнүктүрүү планын тез арада сунуштоону тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан