Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев калктуу конуштарда унаа айдоодо ылдамдыктын төмөнкү чегин саатына 40 чакырым ылдамдыктан 60ка, 60тан 80ге көтөрүүнү сунуштады.
Эл өкүлү саатына 40-60 чакырым ылдамдык менен жүрүү эски унааларга ылайыкталганын, азыр заманбап унааларга ал ылдамдык өтө аз экенин белгиледи.