ЖОЖду кызыл диплом менен аяктагандарды жумушка алууда артыкчылык берилет. Мыйзам биринчи окуудан өттү

Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген. Ага ылайык, Жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган жаштарды кадрлар резервине сынаксыз киргизүү сунушталууда. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматка, кенже, улук жана башкы кызматтарга кирүүдө талапкерлерди тандоодо артыкчылыкка ээ боло алышат.

Маматалиев белгилегендей, мыйзам долбоору жаш адистерди билим алууга шыктандыруу жана кадрлардын өлкөдөн чыгып кетүүсүн алдын алуу максатында иштелип чыккан.

Талкуу маалында депутат Миргүл Темирбаева жергиликтүү жана чет өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлинин айырмачылыгына токтолду. Ал мыйзам долбоорунда чет мамлекеттеги ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алууну сунуштады. Маматалиев бул сунуш экинчи окуунун алкагында караларын айтты.

Белгилей кетсек, учурда жарандар ЖОЖду артыкчылык менен бүткөнүнө карабай мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине конкурс аркылуу тандалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан