Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов интернетте Садыр Жапаровдун үнүн жасалмалап, коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видео тарап жатканы боюнча комментарий берди.
"Урматтуу достор! Социалдык тармактарда белгисиз шылуундар президент Садыр Жапаровдун видеосун колдонуу менен, үнүн жасалмалап, кандайдыр бир коммерциялык долбоорлорго катышууга чакырык жасаган видеороликтер таратылып жатканын кабарлайбыз.
“Аз акча салып, кыска убакытта байып кетсең болот” деген өңдүү күмөндүү иш аракеттер жалган маалымат экенин белгилейбиз.
Соцтармактагы маалыматтардын көптүгүн эске алуу менен, кандайдыр бир шектүү билдирүүлөр болсо шылуундардын курмандыгы болуп калбашы үчүн маалыматтарды расмий булактардан тактап коюуну өтүнөбүз",-деди Алагозов.