Канат Сагынбаев президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык Сагынбаев Канат Латипжанович президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.