Жапаров расмий иш сапар менен Түркияга барды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркиянын Анкара шаарына барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жапаровду Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.

"Ошондой эле Түркиянын расмий өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан