Эдил Байсалов Жалал-Абад облусунда бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышты (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана региондун социалдык инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар маанилүү социалдык объектилердин ачылыш аземине катышты.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анын ичинде Ноокен районунун Достук айылындагы жаңы китепкана жана мектепке чейинки билим берүү мекемеси, Кочкор-Ата шаарындагы Насирдин Исанов атындагы лицейдин спорт залы, №14 орто мектептин 250 окуучуга ылайыкталган кошумча имараты бар.

"Билим берүү жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Биз ар бир бала жана өлкөбүздүн ар бир тургуну сапаттуу билим алып, толук кандуу жашоо үчүн зарыл болгон социалдык жеңилдиктерди ала ала турган шарттарды түзүүгө аракет кылабыз", - деди Байсалов ачылыш аземинде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан