Бакыт Төрөбаев Баткенде жерлерди трансформациялоо боюнча жыйын өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Баткен облусундагы жерлерди трансформациялоо боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйынга президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, орун басарлары, аким, мэрлер жана жер адистери катышты.
Анда Баткен облусунун аймагында 2019-2023-жылдар ичинде трансформация болгон жана трансформациялоо үчүн даярдалган иш кагаздары боюнча маселе каралды. Бакыт Төрөбаев өз сөзүндө транформация маселесинде тоскоолдуктарга жол берилбестигин тийиштүү жетекчилерге эскертип, айлап-жылдап жаткан документтерди алга жылдыруу боюнча тапшырмаларды койду.
"Калкты турак жай куруу үчүн жер участогу менен камсыз кылуу максатында, өкмөттүн ​токтомдорунун негизинде жалпы облус боюнча 2019-2023-жылдар аралыгында 1300 гектар жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлерине” которулуп берилген.
2023-жылы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) 609,42 гектар жер тилкесинин иш кагаздары жиберилген. Жалпы облус боюнча 2023-жыл ичинде Министрлер кабинетинин токтомунун долбооруна 589,4 гектар жер тилкесине макулдук каттар жиберилди. Облустун аймагындагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга даярдалып жаткан жерлердин аянты облус боюнча 2550,23 гектар", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан