Бишкекте Кыргызстан менен Малайзиянын кызматташуу маселеси талкууланды

Бишкекте Кыргызстандын жана Малайзиянын Тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи кыргыз-малайзиялык эки тараптуу министрликтер аралык консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын делегациясын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов, ал эми малайзиялык тарапты Малайзиянын тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу байланыштар боюнча башкы катчысынын орун басары Дато Ахмад Розиан бин Абд Гани жетектеп келди.

Консультациялардын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну кеңири талкуулашты. Ошондой эле жакынкы аралыкта өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти.

Негизги көңүл эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоого бурулду. Атаханов өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө делегациялар өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча түрдүү долбоорлорду ишке ашырууда бири-бирине зарыл жардам көрсөтүүнү макулдашты. Ошону менен бирге өз ара сооданы жана туризмди өнүктүрүү үчүн Бишкек менен Куала-Лумпурдун ортосунда түз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун эң келечектүү багыттары катары туризм, энергетика, айыл чарба, халал индустриясы, фармацевтика жана маалымат технологиялары жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан