Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияда. Аны кайсы депутаттар коштоп барды? (тизме)

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга (Мажарстан) расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, расмий иш сапарынын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, эки тараптуу алакаларды арттырууга байланышкан маселелер талкууланары күтүлүүдө.

Шакиевди Жогорку Кеңештин төрагасын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, депутаттар Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Жусупбек Коргонбай уулу, Гүлшаркан Култаева, Максатбек Сарбагышев жана Азамат Исираилов коштоп барды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан