Садыр Жапаров БАЭге учуп кетти. Президентти кимдер коштоп кетти? (тизме)

Бүгүн, 12-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Ага ылайык, президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Расмий делегациянын курамындагылар:

- Министрлер кабинетинин өрагасынын орун басары Эдиль Байсалов;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев;
- президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
- жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
- санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан