Кыргызстан Инфекциялык оорукананы жакшыртуу үчүн Кореядан 27 миллион доллар насыя алат

Кыргызстан Кореядан 27 миллион доллар насыя алат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, бул өткөн жылдын 14-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган "Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананы функционалдык жакшыртуу" долбоору үчүн Экономикалык өнүктүрүү боюнча кызматташтык фондунун, ошондой эле "Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын функционалдык абалын жакшыртуу" долбооруна 2023-жылдын 21-августунда Министрлер кабинети менен Кореянын Экспорттук-импорттук банкынын (EDCF атынан мамлекеттик агенттик) ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында бериле турган насыя.

Аталган долбоордун максаты - иштеп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасын кеңейтүү, аны заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо болуп саналат. Ошол эле учурда медициналык кызматкерлерди аны колдонууга үйрөтүү, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу жана оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүү.

Ага ылайык, кредиттик макулдашуунун шарттарына ылайык, корей тарап корей вонунда 27 миллион долларды эквивалентинен ашпаган суммада, 40 жылдык кайтаруу мөөнөтү, 10 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен насыя берет. Ал эми жылдык пайыздык чен 0,1 пайыз жана тейлөө акысы – ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1 пайыз.

Бул долбоорду ишке ашыруу инфраструктураны жакшыртуу жагынан да, медициналык персоналдын потенциалын жогорулатуу жагынан да Улуттук саламаттык сактоо системасын бекемдейт.

"Азыркы учурда жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров кол коюшу менен Юстиция министрлигинен юридикалык корутунду алуу жана Финансы министрлиги тарабынан кореялык тарапка билдирүү алуу күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан