Чомоев Бакыт Муратбекович "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ага ылайык, жаңы башкы директорду транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев ишкананын жамаатына тааныштырды.
Белгилей кетсек, Бакыт Чомоев буга чейин аталган "Кыргызавтожол" ишканасында директордун орун басары болуп эмгектенген.