Улуу Британиянын падышасы ракка чалдыккандан кийин алгачкы билдирүүсүн жасады

Улуу Британиянын падышасы Чарльз III рак оорусуна чалдыккандан кийинки алгачкы билдирүүсүн жасады. Букингем сарайынын сайтында жарыяланган билдирүүсүндө Чарльз III ага адамдар көптөгөн колдоо билдирүүлөрдү жана жакшы каалоолодру жазып жатканын айтып, ыраазычылык билдирди.

"Акыркы күндөрү мага келген көптөгөн колдоо билдирүүлөрү жана жакшы каалоолор үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдиргим келет. Рак менен ооруган ар бир адам мындай жакшы сөздөр эң чоң колдоо жана дем-күч экенин билет", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Ошондой эле ал анын диагнозу жөнүндөгү кабар коомчулуктун түшүнүгүн жакшыртып, рак менен ооруган бейтаптарды жана алардын үй-бүлөлөрүн колдогон уюмдардын ишине колдоо болгонун уккандан кийин кубанганын кошумчалады.

5-февралда Букингем сарайы падыша Чарльз III рак оорусуна чалдыкканын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан