Президент мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-январында кабыл алынган.

Аталган мыйзамда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жазасынан бошотуу жана айрым категориядагы адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн кыскартуу каралган.

Кабыл алынган мыйзам «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдын 6-беренесинде белгиленген адамдарга жана 7-беренесинде белгиленген кылмыштардын түрлөрүнө карата колдонулбайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан