Нурланбек Шакиев Венгрияда манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Венгрияга (Мажарстан) расмий иш сапарынын алкагында Лакителек аймагындагы фольклордук борборго барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкелине гүл койду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган фольклордук борбор Мажарстан мамлекетинин Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак тарабынан негизделген. Анда мажар элинин маданиятын, руханий баалуулуктарын камтыган иш-чаралар өтүп, байыркы доор менен азыркы учурду айкалыштырган көргөзмөлөр орун алган.

Андыктан аталган маданий жайга кыргыздын улуу манасчысы Саякбай Каралаевдин айкелин орнотуу демилгеси көтөрүлүп, былтыр август айында ачылышы өткөн.

Нурланбек Шакиев демилгени колдогон борбордун жетекчиси, Мажарстандын Улуттук ассамблеясынын төрагасынын орун басары Шандор Лежакка ыраазычылык билдирди.

Андан соң төрага фольклордук борбор менен таанышып, мажар элинин маданий-илимий жетишкендиктерин чагылдырган көргөзмөлөрдү көрүп чыкты.

Эскерте кетсек, манасчынын айкелин белгилүү мажар айкелчиси Дьёрдьи Лантош жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан