Депутат Мирлан Самыйкожо кесиптештерин майрамы менен куттуктады. Жогорку Кеңештин 14-февралдагы жыйынында ал бүгүн китеп белекке берүү күнү экенин баса белгиледи.
"Бүгүн кандай майрам? Бүгүн китеп белекке берүү майрамы. Мен сиздердин бардыгыңыздарды ушул майрам менен куттуктайм. Китеп бул түбөлүк сатып кетпей турганыйык дос, китеп бул жан шерик досуң, китеп бул акыл казынаң, китеп бул көрөнгөң. Ошон үчүн бардык китепкөй, бардык адабиятка, маданиятка, кесипке кызыккандарды бүгүнкү майрамы менен куттуктап кетет элем", - деди Самыйкожо.