Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатын тапшыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 14-февралда SUPER.KG порталына БШКнын мүчөлөрү ырастады.
Эл өкүлү эмне себептен депутаттыктан кетип жатканы белгисиз. БШКнын бүгүнкү отурумунда анын арызы каралат.
Абдыбахаб Боронбаев парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынан шайланган. Ал 2022-жылы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна депутат болуп келген.
Боронбаев 1968-жылы 26-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында туулган.