Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатынан ажыратылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 14-февралдагы отурумунда анын арызын канааттандырды.
Буга чейин эл өкүлү өз каалоосу менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазганы маалым болгон.
Абдыбахаб Боронбаев парламенттеги “Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынан шайланган. Ал 2022-жылы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна депутат болуп келген.
Боронбаев 1968-жылы 26-мартта Ош облусунун Кара-Суу районунун Телман айылында туулган.