"Тилибизди бууйсузбу?" Атазов кесиптешин кошоматчылык кылбоого чакырды (видео)

Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Документте мамлекеттин карамагында турган мүлктөрдү менчиктештирүү Министрлер кабинети иштеп чыккан программанын негизинде ишке ашары жазылган. Азыркы мыйзамга ылайык, бул программаны өкмөт иштеп чыккандан кийин Жогорку Кеңеш бекитип бериши керек.

Демилгени депутат Дастанбек Жумабеков көтөрүп, мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүүнү көздөгөнүн айтты. Ал эми өкмөт стратегиялык объектилерди да парламенттин эмес, Коопсуздук кеңешинин макулдугу менен сатуу укугун берүү корутундусун чыгарган.

Талкуу учурунда депутаттар Балбак Түлөбаев, Тазабек Икрамов, Шайлообек Атазов жана Элдар Абакиров каршы чыгып, анча маанилүү эмес, коррупционер, кылмышкерлерден алынган мүлктөрдү өкмөт өз алдынча чечсе болорун, бирок ири жана стратегиялык объектилер сөзсүз Жогорку Кеңештин кароосунан өтүшү керектигин айтышты.

“Өкмөттө бир нече адамдар бар, кээде алар мамлекетке каршы иштеп коёт. Муну 90 депутаттан өткөрүп койгондун эмнеси жаман? Эл өкүлдөрү талкуулап, ал мүлктү берип же бербешти чогуу чечкени жакшы да. Бул жерде Жогорку Кеңештин укуктарын кыскартып эле жатышат, парламент барып-барып нотариуска айланып калабы?”, - деди Атазов.

Ошондой эле ал мурдагылар бюджетти бир жума караса, VII чакырылыш үч саатта колдоп бергенин мисал кылып, парламент алсырап баратканын айтты.

Жумабеков мыйзамды Конституциядагы нормаларга шайкеш келтирүү ниетин көздөрүн, мында башка кызыкчылыктар жок экенин билдирди.

Дагы бир депутат Марлен Маматалиев “мындай норма Жогорку Кеңештин буга чейинки бардык чакырылышында болбогонун, элдин мүлкүнүн тагдырын жалпы калктын атынан сүйлөөгө укугу бар парламент гана чечиши керектигин” айтты.

Улугбек Ормонов "Стратегиялык обьектерди менчиктештирүүдө Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын чектеп, Министрлер кабинети өз алдынча чечим кабыл алуусу туура эмес. Мыйзам долбооруна карата мындай сунуш Министрлер кабинети тарабынан берилген" деди.

Ага экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов өкмөттүн корутундусунда Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын Коопсуздук кеңеши менен макулдашып кабыл алууну сунуштаганын билдирди.

Ал эми Алишер Эрбаев мамлекеттин карамагындагы стратегиялык мүлктөрдүн тизмесин сурады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эльдана Сатарова учурда тизмеде 84 обьект бекитилгенин белгилеп, алардын 71и мамлекетик жана муниципалдык менчикте турганын айтты.

Жанар Акаев "Манас" аэропортун тажрыйбасыз, аты-жыты белгисиз түркиялык компанияга сатуудан депутаттар сактап калганын мисал келтирди. Мыйзам долбоору өкмөт сунуштагандай кабыл алынса канчалаган кендер дагы белгисиз тараптарга сатылып кетиши мүмкүндүгүн эскертти.

Депутат Кундузбек Сулайманов "Кээ бир кесиптештерибиз бир жумалап талкуулачу элек, азыркы чакырылыштын депутаттары үч сатта өткөрүп коюуда деп жатышат, бул туура эмес" деди. Ал мамлекетке керектүү маселелерди андан да эрте кабыл алыш керектигин белгилеп, кесиптештерин сындабай отурууга чакырды.

Андан кийин Шайлообек Атазов аны Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кошоматчылык кылбай жүрүүгө чакырды.

“Чындыкты айтсак “сындабай жөн отургула” деп тилибизди бууйсузбу? Бул жакта башкалар бууп атканы жетишет. Сиз пайда болбой эле коюңуз. Бүт баарыбыз дудук болуп калышыбыз керекпи? Бул жерге элдин үнүн жеткирип, маселе көтөрөйүн деп келдик беле?” - деди Атазов.

Ошондой эле ал бул демилге Жогорку Кеңештин канат-куйругун кыркуу болуп саналарын белгиледи.

Депутаттар Бактыбек Сыдыков менен Элмурза Сатыбалдиев мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда колдоого чакырып, экинчи окууда бир катар беренелер боюнча сунуштарды берүүнү белгиледи.

Натыйжада Жогорку Кеңеш экинчи окууда өзгөртүү киргизүү талабы менен аталган мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алды.

Жогорку Кеңеш 15.02.24.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан