Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары кыргыз-орус соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Анда энергетика, өнөр жай, транспорт, маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык биримдигинин, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана башка көп тараптуу форматтардын алкагында өз ара кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан