Эрбол Султанбаев Беларусь президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь президенти Александр Лукашенкого ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара бүгүн, 15-февралда Минск шаарынын Эгемендүүлүк сарайында өткөн.

Салтанаттын жүрүшүндө Александр Лукашенко Кыргызстан Беларустун досу жана ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдары өз ара сооданын көлөмү тынымсыз өсүүдө, бирок өлкөлөр бул тармакта дагы көп нерсеге жетише алышат.

Өз кезегинде элчи Эрбол Султанбаев каалоо-тилектерге ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу саламын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан