Евразия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 120 тез жардам унаасын алып берет 

Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга кайтарымсыз жардам бөлөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 15-февралда Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Москвада Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолугушту.

Алар Кыргызстанда саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорду талкуулашты, анда тараптар 120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлүү боюнча макулдашууга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан