Кыргызстан менен Италиянын эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды

Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев 15-февралда Италиянын ыйгарым укуктуу министри, Эмгек жана социалдык саясат министринин дипломатиялык кеңешчиси Микеле Чекки менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, жолугушууда Базарбаев маектеши менен Италияда эмгектенген Кыргызстандын жарандарын социалдык жактан камсыздоо маселелерин талкуулады. Тараптар эки мамлекеттин компетенттүү органдарына социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы өз ара аракеттенүү үчүн активдүү көмөк көрсөтүүнү макулдашты.

Ошону менен бирге Кыргызстан менен Италиянын миграция чөйрөсүндөгү кызматташуусу, анын ичинде Италиянын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу маселеси боюнча пикир алмашуу болду.

Микеле Чекки миграция чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын активдүү өнүгүшүнө канааттангандыгын, ошондой эле Кыргызстандан Италияга эмгек миграциясы жаатында натыйжалуу саясатты ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан