Алмазбек Примов Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда президенттин басма сөз кызматы.
Маалыматта тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат.
Белгилей кетсек, буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигин Канатбек Тургунбеков жетектеп келген.