Уланбек Далиев президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун бүгүн, 16-февралда мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Уланбек Далиев буга чейин облус башчысынын орун басары кызматын аркалаган.
Ал эми президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын Эмилбек Абдыкадыров ээлеген. Ал 14-февралда кызматтан алынган болчу. Ага чейин Бишкек шаарынын мэри болгон.