Бишкекте абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планы бекитилди

Министрлер кабинети кезектеги жыйынында 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарынын абасынын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, документ Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна терс кесепеттерди алып келүүчү атмосферага зыяндуу физикалык таасирлердин алдын алуу жана азайтуу максатында иштелип чыккан.

Документти иштеп чыгуу зарылчылыгы соңку жылдары өлкөбүздүн борборунда атмосферага зыяндуу заттардын чыгышы бир топ көбөйгөндүгүнө байланыштуу.

Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар планынын кабыл алынышы абанын булганышы боюнча көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган кечиктирилгис жана натыйжалуу чараларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет жана андан кийинки абанын сапатын жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн зарыл шарттарды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан