Өлкөдө кыймылсыз мүлккө укуктарды мамкаттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт

Пилоттук долбоордун алкагында кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо онлайн режиминде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.

Бул пилоттук долбоорду ушул жылдын 1-мартынан 31-декабрына чейин өткөрүү милдети Санариптик өнүктүрүү министрлигинин координациясында Министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттикке тапшырылды.

Документ кыймылсыз мүлккө укуктарды онлайн режиминде мамлекеттик каттоонун убактылуу тартибин бекитти.

Токтом санариптик технологияларды өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, жарандарга санариптик форматтагы кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан