Акылбек Жапаров Азербайжандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Азербайжандын премьер-министри Али Асадов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Акылбек Жапаров Али Асадовду Азербайжандын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери боюнча тыгыз жана жемиштүү иштөөгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан