Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча ким күнөөлүү экени аныктала элек

Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборундагы болгон штаттан тышкаркы кырдаалдын келип чыгышына күнөөлүүлөр аныктала элек. Бул тууралуу медиаштабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, болгон окуянын чоо-жайын билүү үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз тескөөчүлөр кирген ведомстволор аралык комиссиясынын курамы түзүлгөн.

Бул комиссиядан тышкары ички ведомстволук техникалык комиссия да түзүлгөнү белгилүү болду, бул топтун чыгарган жыйынтыктары ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна жиберилет.

"Ушул күндө техникалык жана ведомстволук комиссиялардын иши аягына чыга элек, ошондуктан бирөөлөрдү күнөөлө эрте экенин белгилей кетишибиз абзел.

Ведомстволор аралык комиссиясынын иши өлкөнүн жетекчилигинин контролунда турат, алардын ишинин жыйынтыгы сөзсүз жарыяланат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болгон. Анда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген да божомолдор бар экенин айткан. Президен Садыр Жапаров дагы ЖЭБдеги авария боюнча өзүнүн божомолун айткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан