Бишкекте коомдук жайда өзүн алып жүрүү маданиятын калыбына келтирүү керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 18-февралда мэриянын жыйынында сүйлөп жатып айтты.
"Мен Бишкектеги университетке тапшырганда ректор борбор калаада адам өзүн кандай алып жүрүшү керектиги тууралуу лекция окуган. Түкүрбөгүлө, бут кийимди таза кармагыла, троллейбуска кир кийим менен отуруп элди чочутпагыла деп айткан эле.
Троллейбуска отурарда бут кийимибизди тазалап, кийимибиз кир болсо жөө кетчүбүз. Бишкекке ошол атмосфераны кайтаруу керек. Адамдар борбор калаага келгенин сезиши зарыл.
Мен шаардын чок ортосунда семичке, самса жана башкаларды сатпаш керектигин көп эле айтып келем. Аянтта жакшынакай иш-чара өткөндөн кийин "Тазалык" 40 тонна таштанды чыгарды. Уят да. Башка мамлекеттерде адамдар таштандыны өздөрү менен кошо ала кетишет", – деген Жапаров.
Мындан сырткары, төрага Бишкектин муниципалдык кызматтарын күнү-түнү иштөөгө чакырды.
"Шаарда көйгөйлөр күнү-түнү болот. Күнү-түнү иштөө үчүн экономиканы чыңдоо керек. Инвесторлор, мисалы, Чоң-Алайга, Ак-Талаага эмес, Бишкекке келишет. Аларга эң жакшы шарттарды түзүп беришиңер керек", - деди ал.
Акылбек Жапаров бул үчүн даяр техникалык-экономикалык негиздемелер, бизнес-долбоорлор, архитектуралык чечимдер жана коммуникациялык байланыштар болушу керек экенин белгиледи.