Алексей Навальныйдын үй-бүлөсү каза болгон саясатчынын сөөгүн табууга аракет кылып, бирок андан натыйжа чыкпай жатат. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
"Алексей Навальныйдын өлүмү тууралуу алгачкы кабарлардан бир күн өткөндөн кийин анын апасы Людмила ал жакында эле жазасын өтөп жаткан колонияга келген. Ал жерде ага уулунун өлүмү тууралуу расмий маалымат берилди", - деген Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш.
Ал Навальныйдын жакындары анын сөөгүн дароо үй-бүлөсүнө өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын баса белгиледи.
Колониянын кызматкери Людмила Навальнаяга саясатчынын сөөгү Салехарддагы өлүкканага Тергөө комитетинин тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен иликтөө үчүн жеткирилгенин айткан. Апасы өлүкканага барганда ал жак жабык болуп чыккан.
16-февралда орусиялык саясатчы Алексей Навальный Ямало-Ненец автономиялуу округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болгон.