Алексей Навальныйдын каза болордон бир күн мурунку видеосу жарыяланды

Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 15-февралда Владимир облустук сотунун отурумуна онлайн катышкан. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып, отурумдагы видеону жарыялады.

Анда Навальный өзүн жакшы сезип, ден соолугуна нааразы болгон эмес. Сотто ал өзүнүн позициясын активдүү коргогон.

Өз кезегинде Украина менен Латвия Навальныйдын өлүмүнө Кремлдин түздөн-түз тиешеси бар экенин билдиришкен.

16-февралда орусиялык саясатчы Алексей Навальный Ямало-Ненец автономиялуу округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болгон.

Навальныйдын каза болордон бир күн мурдагы видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан