Кыргыз футбол союзунун президенти болуп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дайындалды. Бүгүн, 19-февралда КФСнин конгресси болуп, анда Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги жактырылды.
Камчыбек Ташиев бул кызматта 2026-жылдын апрелине чейин иштейт.
Кыргыз футбол союзунун мурдагы президенти Медер Сыдыков 29-январда Кыргызстандын курама командасы Катарда өткөн Азия Кубогунан четтетилгенден кийин кызматтан кеткен.