Садыр Жапаров иш сапары менен Орусияга барат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 20-21-февралда Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчысы Казань шаарында өтө турган "Келечек Оюндары" эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.

"Иш-чарада 21 өзгөчө инновациялык дисциплиналар боюнча ар кыл өлкөлөрдөн келген 260тан ашык команданын жана 2000ге жакын спортчулардын жана компьютердик (кибер) спортчулардын катышуусунда фиджитал спорт, компьютердик (e-sports) спорт түрүндөгү спорттук мелдештер топтому өткөрүлөт. Чет мамлекеттердин бир катар башчыларынын, көрүнүктүү эл аралык жана коомдук ишмерлердин, ири IT компанияларынын жетекчилеринин катышуусу күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жана Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун эки тараптуу жолугушуулары өтөт. Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-орусия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат", - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан