Кадрлардын региондук, муниципалдык резервин түзүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизилди

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Президенттин 2021-жылдын 5-ноябрындагы №521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу максатында конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Президенттин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 “Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган жарлык менен бекитилген шаар мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө конкурс өткөрүү, аны түзүү жана иштөө тартиби жөнүндө жободо:

– 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 221-пункт менен толукталсын:

221. Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүүнүн алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кайра уюштурулгандыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган айыл өкмөтүнүн башчылары пилоттук мезгилде кошумча конкурстук жол-жоболорду өтпөстөн квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда арызы боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна кадрлардын муниципалдык резервине киргизилет”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан