Депутат Ормонов Түркиядан окуп келген 30 дарыгер ишсиз калганын билдирди

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов Кыргызстан менен Түркия мамлекетинин ортосундагы боорго операция жасоону окутуу келишиминин негизинде атайын окууга барып келген 30 дарыгер жумушсуз калганын айтып чыкты.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аталган дарыгерлер ал министр болгонго чейин Ош мамлекеттик университети жана Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиясы аркылуу кеткенин айтып, “Алар боорго операция жасоого даяр эмес” деп жооп берди.

Ошондой эле ал учурда Түркияда ушундай эле келишим менен буга чейин мамлекеттик ооруканаларда иштеп жүргөн 40 дарыгер окуп жатканын кошумчалады.

Жыйынтыгында бул маселени изилдөө үчүн курамына депутаттар Медер Алиев, Элмурза Сатыбалдиев, Улукбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков, Гуля Кожокулова, Айбек Маткеримов кирген жумушчу топ түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан