Садыр Жапаров шектүүгө билерик тагып көзөмөлдөө мыйзамына кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Ага ылайык, кылмышка шектүү адамдын бөгөт чарасы катары ага электрондук билерик тагып коюу ыкмасын колдонуу киргизилет. Башкача айтканда, электрондук жана башка техникалык көзөмөлдөө каражаттарын (электрондук билерик) пайдалануу аркылуу шектүүлөр аралыктан көзөмөлдөнүп турмакчы.

Мындан тышкары тараптардын процесстик чыгымдарын кыскартуу, жакындары жана туугандарынын соттук отурум өтө турган жерге баруусуна, аларды жайгаштырууга кеткен чыгымдарына байланыштуу кошумча чыгымдарды жоюу, коопсуздукту камсыз кылуу максатында процесстерге аралыктан (видеоконференция аркылуу) катышуусу камсыз кылынары жазылган.

Документти Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 27-декабрында кабыл алган. Мыйзамды Министрлер кабинети сунуштаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан