Путин Ким Чен Ынга кайсы үлгүдөгү унаа белек кылганы белгилүү болду

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга Aurus үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Бул тууралуу RIA_Kremlinpool телеграм каналы Кремлдеги өздүк булактарына таянуу менен билдирди.

Бирок орусиялык автоунаа өнөр жайынын кайсы модели өткөнү, анын жабдыктары жана түсү ачыкталган жок.

Буга чейин Путин Ким Чен Ынга Орусияда жасалган автоунаа белек кылганы кабарланган. Унааны Кореянын Эмгекчилер партиясынын Борбордук Комитетинин секретары Пак Чон Чхон жана Ким Чен Ындын эжеси Ким Ё Чен кабыл алган.

Эске салсак, былтыр сентябрда Ким Чен Ындын Орусияга иш сапары маалында Путин ага Aurus унаасын көрсөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан