Кечээ, 19-февралда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.
Ага ылайык, жолугушууга Балыкчы шаарынын, Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун активисттери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы иш-чарага келгендерге өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, алдыда аткарыла турган келечектүү инвестициялык долбоорлор туурасында айтып берди.
Анын ичинде аталган аймакка чектеш орун алган “Кызыл Омпол” кен жайын иштетүү планы боюнча да талкуу жүрдү. Тургундарга тийиштүү маалымат берилип, алардын суроолоруна эксперттер жана мамлекет башчысы жооп берди.
Мындан тышкары жыйындын катышуучулары мамлекеттин жарандарды турак-жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү, инфраструктуралык объектилерди куруу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүштү.