Садыр Жапаров Орусияга учуп кетти. Президентти коштоп кеткендердин тизмеси

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-февралда, иш сапары менен Орусияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча боло турган сапардын алкагында Казань шаарында өтүүчү «Келечек Оюндары» эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылыш аземине катышат.

Мындан тышкары иш-чаранын алкагында президент Садыр Жапаровдун Владимир Путин жана Татарстан Республикасынын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушуулары өтөт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

- Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан