Орунбеков Тамчыдагы “Ысык-Көл” аэропортуна эми тор тосмолор орнотуларын айтты

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунун айланасына эми тор тосмолор орнотуларын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-февралда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“Катуу шамалдан пескоблок дубалдар эмес, 40 тонналык контейнер ордунан жылып, арматуралар кыйшайып, жеке үйлөрдүн дубалдары дагы урап калганын жергиликтүү эл видеого тартып чыгарып жатат. Андыктан окуяны бурмалап, андан терс пикир жарата бербейли. Ал жердин шамалына дубал туруштук бере албайт экен, андыктан башка тор тосмолор коюла турганын билдиребиз”, - деп жазды Орунбеков.

Буга чейин 17-февралга караган түнү болгон катуу шамалдан “Ысык-Көл” аэропортунун дубалынын бир бөлүгү кайра кулап калганы маалым болгон.

17-февралда Ысык-Көлдө ылдамдыгы секундасына 32-37 метрге жеткен катуу шамал болгон. Ал Чырпыкты, Кош-Көл, Тамчы жана Чок-Тал айылдарында трансформатор станцияларын бузуп, электр зымдарынын мамыларын омкоруп кеткен.

Эске салсак, 2023-жылдын 18-мартында ушул эле аэропорттун дубалынын бир бөлүгү катуу шамалга туруштук бере албай кулаган. Анда бийлик бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап калганын билдирген. Дубалды подрядчы фирма өз каражатына кайра калыбына келтире турганы айтылган.

Тамчыдагы расмий түрдө “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту деп аталган бул аба майдан өлкөдөгү эл аралык деген макам алган беш аэропорттун бири. Ал “Манас” эл аралык аэропорту ачык акционердик коомунун курамына кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан